Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп Адилет Кубанычбеков дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Бүгүн, 26-октябрда Бажы кызматынын өздүк курамына Кубанычбеков тааныштырылды.
Мындан тышкары Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлары болуп Эрик Ирискулбеков жана Азамат Абдыкалыков дайындалышты.