Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда 3 миллион 150 миң сомго "Шүүдүрүм" бала бакчасы оңдолууда

Жалал-Абад шаарында №27 "Шүүдүрүм" бала бакчасы толук оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Ага ылайык, бала бакча 125 орунга ылайыкташтырылган.

"Курулуштун жүрүшү менен шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилери таанышып, айрым кемчиликтерин жоюу тапшырмасы берилди.

Аталган бала бакчаны жаңыртуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 3 миллион 150 миң сом акча каражаты сарпталууда. Бала бакча ноябрь айында пайдаланууга берилет", - деп жазылат мэриянын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан