"Империя пиццы" кафесине 21 миң сом айып салынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев билдирди.
"Бузуулар жөнүндө кодекстин 51 жана 150-беренесинин 5-бөлүгү ("милдеттүү медициналык кароодон өткөрүү эрежелерин бузуу жана техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин талаптарын бузуу") негизинде бардыгы болуп төрт протокол түзүлдү. "Империя пиццы" кафесинен жетекчисине 21 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындай аз сумма, анткени кодексте жеке ишкерлер үчүн айып пулдун максималдуу өлчөмү көрсөтүлгөн. Ишти ИИМге жөнөттүк. Алар да мыйзам чегинде белгилүү бир өлчөмдө айып сала алат. Биз аны так билбейбиз. Жабырлануучулар эмнеден улам ууланганы 29-ноябрда белгилүү болот", - деп билдирди Мурзашев.
Эскерте кетсек, Бишкекте 23-октябрдан 24-октябрга караган түнү 12 адам жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылган. Жабырлануучулар шаардагы "Империя пиццы" тамактануучу жайынан тамактанганын айтышкан.