Окуучулардын каникулу 8-ноябрда башталып, бир аптага созулат
Республика боюнча окуучулардын күзгү каникулу 8-ноябрда башталат. Билим берүү жана илим министрлигинен белгилешкендей, каникул 14-ноябрга чейин созулат.
Белгилүү болгондой, окуучулардын күзгү каникулу бир аптага созулуп, окуу процесси кайра 15-ноябрда жанданат.