Депутат Тынчтык Шайназаров Башкы прокуратуранын күйүп кеткен имаратын калыбына келтирүүгө акча бөлүүнү сунуштады

Бүгүн ЖКнын жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров Каржы министрине кайрылып, Башкы прокуратурага кошумча 20 миллион сом бөлүп берүү сунушун айтты. Депутат аталган каражатты 2010-жылы күйүп кеткен Башкы прокуратуранын имаратын калыбына келтирүүгө жумшоо керектигин белгиледи. "Биз прокуратура кызматкерлерине иштегенге жакшы шарт түзүп бере албасак, алардын жакшы иштешин талап кыла албайбыз",- деди Шайназаров.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан