"Күзөтчүсү мас болуп уктап жаткан". Бишкектеги интернаттарга жүргүзүлгөн текшерүүдө бузуулар аныкталды
Бишкектеги билим берүү жайлары текшерүүгө алынып бир катар бузуулар аныкталды. Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча комиссиясы тарабынан жүргүзүлгөн күтүүсүз текшерүүдө балдарга берилүүчү тамак-аш нормадан аз экени, күзөтчү мас абалда иштеп жатканы белгилүү болду.
"Комиссия мүчөлөрү №1 интернатына барганда күзөтчү мас абалда экени, иш учурунда уктап жатканы маалым болду. Ошондой эле айрым мугалимдердин жумуш ордунда эместиги, окуу журналынын жоктугу аныкталды. Интернаттын директору документтик иштерге жооптуу эместигин белгиледи.
Андан кийин текшерүүчүлөр №71 интернатта болушту. Анда балдардын түшкү тамагы нормадан аз, тагыраагы, 200 грамм тамактын ордуна 70 граммдан гана берилип жатканы анык болду. Бул факты боюнча жеринде жыйын өттү. Бардык мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди", - деп айтылат билдирүүдө.
Автор: Бактыгүл МомбековаФото: Бишкек шаардык кеңеши