Биз социалдык тармакта

Дамирбек Асылбек уулу парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлигин көрсөткөн Дамирбек Асылбек уулу документтерин кайра кайтарып алуу өтүнүчүн келтирди. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиянын отурумунда белгилүү болду.

Шайлоого катышуудан баш тарткан Дамирбек Асылбек уулу №35 Ак-Суу округунан катышмак. Өлкөдө парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.

Эске салсак, 2019-жылы 24-апрелде Алматы шаардык соту Дамирбек Асылбек уулун 10 жылга эркинен ажыраткан. Аны "улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топту түзүү жана жетектөө", "экономикалык контрабанда" беренелери боюнча кылмыштарга күнөөлүү деп табышкан. Дамирбек Асылбек уулу өлкөгө 2020-жылы 18-ноябрда экстрадицияланган. Былтыр, 19-августта абактан чыкканы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kushu_0703
2021-10-27 10:44:38
Вор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан