Биз социалдык тармакта

Бүгүн Ош, Баткен облусунун кайсы аймактарында электр жарыгы өчөт? Тизме

Бүгүн Ош жана Баткен облусунун кээ бир аймактарында пландаштырылган оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Ошэлектр" ААКсынан кабарлашты.

Төмөндөгү аймактарда саат 09:00дөн 18:00гө чейин электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт:

* Өзгөн районунун Жазы, Төрт-Көл, Ири-Суу, Чангет, Жылалды, Заргер, Баш-Дөбө айыл өкмөттөрү.
* Кадамжай районунун Масалиев, Майдан, Халмион, Алга, Советский, Кыргыз-Кыштак, Ак-Турпак айыл өкмөттөрү.
* Кара-Суу районунун Фуркат, Медресе, Кыргызчек, Малбазар, Кормоцех, Кулиев, МСО айылдары.
* Ош шаарынын Масалиев кең көчөсү, Шакиров, Жумабаев, Турсунбаева, Ашимахунов көчөлөрү, Амир-Тимур кичи шаарчасы, Тээке, Арек, Орке, Качыбек, Бирлешкен, Татар, Озгур айылдары, Коргон участкасы.
* Саат 09:00дөн 12:00гө чейин: Ош шаарынын Раззаков, Авиценна, Моторная, Артыков, Мирзаев, Юбилейная, Курчатов, Абдувалиев, Закиров көчөлөрү, Аэропорт кичи шаарчасы, Арипжан айылы.
* Саат 14:00дөн 17:00гө чейин: Ош шаарынын Ишматов, Латипжанов, Мушкетов, Набережная, Төлөнов көчөлөрү.
Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн "Ошэлектр" ААКсы кечирим сурайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bekaidi
2021-10-27 08:06:52
Тойгоздунар го кече эле фуркатта эки жолу очурдунор
+2
Bekaidi
2021-10-27 08:07:37
Качанкыша чейин ушинтип очот тажаттынар жаш балдарыбыз менен ачка калып атабыз
+2
modem4999
2021-10-27 10:44:34
Чыдагыла шайладынар беле
-1
Kolyaa
2021-10-27 17:46:06
Араван районунда күнүгө эле өчөт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан