Биз социалдык тармакта

Бишкекте Кыргыз Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 27-октябрда Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.

Өмүр баяны:

Төлөгөн Касымбеков Аксы районундагы Ак-Жол кыштагында 1931-жылы 15-январда туулган. Орто мектепти бүтүп, эки жыл баштапкы мектептерде мугалим, Кичи Ак-Жол айылдык советинин жооптуу катчысы болуп иштеген.

Белгилүү жазуучу 1959-жылдан тартып СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. 1986-жылы Кыргыз Эл жазуучусу" наамын алган.

1990-1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Эл депутаты, тил, маданият жана билим боюнча, улуттар аралык парламенттик комиссиянын жетекчиси жана эркин Кыргызстан Жазуучулар союзунун башчысы болгон.

Сыйлыктары:

  • Адабиятка сиңирген эмгеги үчүн В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына "Каарман эмгеги үчүн" медалы;
  • Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган;
  • 2005-жылы Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн "Кыргыз тили" төш белгиси;
  • "Даңк" медалы, 2001-жылы I даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган;
  • 2006-жылы мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты болуп, 2006-жылы Кыргыз Эл Баатыры наамы ыйгарылып, "Ак шумкар" менен белгиленген;
  • Ал эми 1998-жылы "Руханият" эл аралык ассоциациясынын сыйлыгы берилген.

Кыргыз Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков 2011-жылы 17-июнда 80 жашында дүйнөдөн кайткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан