Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев 2022-жылы мугалимдердин айлыгы көтөрүлөбү деп сурады.
"Акылбек Үсөнбекович (ред:. министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров), өткөндө сиз мугалимдердин айлыгын көбөйтөбүз деп айтпадыңыз беле. Мугалимге турмушка чыгам деген кыздар кара далы болуп кетпесин. Быйыл мугалимдердин айлыгын көтөргөнгө мүмкүнчүлүк барбы?", - деп сурады депутат.
Акылбек Жапаров: "Мен Финляндиянын мисалын келтирдим. Анда жыл сайын сурамжылоо болуп турат экен. Финляндиядагы кыздар мугалимге анан архитекторго турмушка чыгабыз деп айтышат экен. Мен ошону мисал кылгам. 1-апрелде мугалим, дарыгерлердин айлыгын көтөрөбүз", - деди.
Акылбек Жапаров 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Кийинки жылы мугалим, дарыгерлердин айлыктарын биринчи жогорулатабыз. Кимге турмушка чыгасың деп сураса, мугалимге деп жооп бере тургандай кылабыз" деп айткан.