Биз социалдык тармакта

Кичинекей чөйчөккө ченеп салган аз тамак. Бишкектеги мектеп интернаты балдарга тамакты дээрлик 3 эсе азайтып бергени аныкталды

Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү Бишкек шаарынын билим берүү мекемелерине капысынан барып текшеришкен. Бул тууралуу шаардык кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө депутаттар одоно фактыларга жана мыйзам бузууларга күбө болушкан. Борбор калаадагы №1 мектеп-интернатында күзөтчү мас абалында жумуш ордунда уктап жаткан.

"Ошондой эле мугалимдердин жумуш ордунда жоктугу жана окуу журналдар, кээ бир документтер жок экени аныкталган. №1 мектеп-интернатынын директору комиссиянын мүчөлөрүнө документтештирүү үчүн жоопкер эместигин гана билдирген", - деп айтылат маалыматта.

Андан ары комиссия №71 мектеп-интернатында болуп, жеринде одоно мыйзам бузуу аныкталган. Анда балдарга нормадагы 200 граммдын ордуна 70 граммдан түшкү тамак берилген.

"Бул факты боюнча жеринде жумушчу жыйын уюштурулуп, ага мектеп-интернаттын жетекчиси жана кызматкерлери, ошондой эле Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Назгүл Лосникова чакырылды.

Бардык аныкталган фактылар боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилди", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
samarbek.88
2021-10-27 13:21:28
Бизде мектепте бир кооржикти экиге бөлүп эки окуучуга берип жатат
+9
Asmat84
2021-10-27 13:46:36
Ушундай комиссия бар экен текшеришсинчи мектептерди. Мындай көрүнүш баардык мектептерде бар
+6
Antiradikal3
2021-10-27 13:59:12
Бул да болсо бугунку бийликтин жузу. Мына, Жапаров бийликке келгенине бир жыл болду. Эгер олко боюнча тартип болуп, уурулар, коррупционерлер камалып, эртеси акталып кетпей жазасын отоп баштаганда, калгандары да ойгонмок. Туура эмес иштерин токтотмок. Билим беруу министрлиги бир жыл ичинде текшеруулорун сапаттуу жасаса бул кемчиликтер жоюлат болчу.

Баарынан да ал жерде тарбияланган оксуз балдардын тагдыры кабатырга салат. Туура тарбия, курсак тоер тамак берилбесе...
+6
Nina.alex
2021-10-27 14:36:39
Директор анан эмнеге жооптуу? Документы менен иши жок болсо?
+3
Kuban-1207
2021-10-27 14:48:16
Текшерүү жок бийлик карабайт кайдыгерлик
+4
Kuban-1207
2021-10-27 14:48:41
Директор мугалимдер өз билгенин кылып атышат
+5
Ozgocho111
2021-10-27 15:11:03
Бул корунуш бардык жерде бар, эч ким текшербейт.Санитардык эрежелер сакталбайт, толтура кемчилик..
+5
JaneEr
2021-10-27 16:25:17
Менин иним иштеген Военный боюнча чек арада солдаттарга бериле турган колбаса,сыр,тушенка бут продукталарын чондору сатып жиберип ачка калып,айлыгы продуктасынан ашпай иштен чыкты(((
+3
06021701
2021-10-28 00:13:00
Балдар үчүн берилген тамака да колдорун салып жатышат да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан