Биз социалдык тармакта

Депутат: "Китеп чыгарган типография менен арак чыгарган заводдун салыгы бирдей болуп жатат"

Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов китеп чыгарган типографиялардын салыгын азайтуу керектигин айтты.

"Китеп чыгарган типография менен арак чыгарган заводдун салыгы бирдей болуп жатат. Буга сиздин жеке көз карашыңыз кандай?", - деп сурады депутат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров: "Арак чыгарган завод акциз төлөйт. Калган салыктардын баары бирдей болуш керек. Ар бир адам өзүнүн талантына жараша ишкерлик кылат", - дейт.

Депутат китеп чыгарган типографиялардын салыктарын азайтуу керектигин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-10-27 14:12:58
Болду эми сүйлөбөй отур, арак завод мага караштуу дегендей эле кылыптыр го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан