Чыңгыз Эсенгул уулу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы дайындалган министрдин орун басарын эмгек жамаатка президенттин администрациясынын саясий-экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов тааныштырды.