Биз социалдык тармакта

Баткенде кечки саат 21:00дөн кийин спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынат

Баткен шаарында түнкүсүн спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мындай чечим шаардык кеңештин жыйынында кабыл алынган. Алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салуу кечки саат 21:00дөн эртең мененки саат 09:00гө чейин киргизилген.

Мындай токтом шаар аймагында коомдук тартипти сактоо максатында кабыл алынган. Мындан тышкары кечкисин алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салууга түнкүсүн электр жарыгынын өчүрүлүшү себеп болгон. Себеби акыркы убакта облус аймагында мас абалында кылмыш кылган жарандардын көбөйгөндүгү байкалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан