Бишкекте белгисиз жаран көп кабаттуу курулуштан боюн таштоого аракет кылып жатат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Байтик-Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу курулуштан белгисиз жаран өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.
Кошумча маалымат берилет.