Бүгүн, 27-октябрда "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына катышкан балбандар Талас шаарына барышты. Мындай маалымат социалдык тармактарга тарады.
Талас шаарына Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Жоламан Шаршенбеков, Атабек Азисбеков, Айпери Медет кызы сыяктуу балбандар барышкан. Алар кызыл килемден өтүшкөн.
Мындан тышкары Айсулуу Тыныбекова эркек бала менен күрөшүп интернетте мактоого алынган жаш балбан кыз менен жолуккан.