
Калкты, жарандык абалдын актыларын каттоо (ЗАГС) жана паспорттоштуруу бөлүмдөрүндө кагаз түрүндө документ жүгүртүү жокко чыгарылат. Мындай маалымат Санариптик өнүктүрүү министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат.
"Министрлик калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча кагаз жүзүндөгү документ жүгүртүүнү жокко чыгарууда. Бүгүнкү күндө Калкты каттоо департаментинин бардык аймактык бөлүмдөрү электрондук журналга өтүүдө, бул калкка кызмат көрсөтүүнүн убактысын кыскартууга оң таасир этип, кызматкерлердин иш-аракеттеринин оперативдүүлүгүн жогорулатат. Эгерде мурда жаран арыз менен мекемеге кайрылып, каттоо жүргүзүү тиешелүү кагаз журналдарда кол менен толтурулса, эми каттоо арызга номер ыйгаруу менен электрондук журналда автоматтык түрдө маалыматтык системаларында жүргүзүлөт.
Калкты каттоо департаменти электрондук өз ара аракеттенүүнү оптималдаштыруу максатында Улуттук статистика комитетине кагаз түрүндө маалыматтарды берүүнү жокко чыгарган.
Эске салсак, буга чейин маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун алкагында Департамент ай сайын отчёттук маалыматтарды кагаз түрүндө түзүп, Улуттук статистика комитетине жөнөтүп турган. Бүгүнкү күндө маалымат алмашуу электрондук өз ара аракеттешүү тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Кагаз жүзүндө документ жүгүртүүнү жокко чыгаруу кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга шарт түзөт деп кошумчалашты министрликтен.