
Бишкекте көп кабаттуу курулуштан 22 жаштагы жаран боюн таштап каза болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинен ал ооруканага жетпей көз жумганын маалымдашкан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маркумдун өлүмү боюнча маалымат таратты. Анда Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан үйдүн 9-кабатынан жигит секирген.
"Саат 12:30 чамасында окуя болгон жерге куткаруучулар, эки психолог жана бир "Тез жардам" бригадасы дароо жерине чыгып кетишкен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин психологдору жигит менен тынымсыз сүйлөшүү жүргүзүп, өмүрүн сактап калууга аракет кылышкан. Жигит куткаруучуларга жана психологдорго өз жанын кыюу үчүн чечим кабыл алганын билдирген. 4 сааттык сүйлөшүүдөн кийин жанын кыюуга аракет жасаган жаранды министрликтин психологдору көндүрүп, ал аларды көздөй бет алган. Бирок 22 жаштагы жигит күтүүсүздөн бурулуп 9-кабаттан секирип кеткен. Бул окуя боюнча ички иликтөө жүргүзүлөт", - дешти мекемеден.