Биз социалдык тармакта

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 60тан ашуун мамлекеттен турган эл аралык уюмга төрагалык кылат

Дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүн камтыган эл аралык жарандык коргонуу уюмуна Кыргыз мамлекети төрагалык кылат. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашат.
Маалым болгондой, Швейцариянын Женева шаарында өткөн Жарандык коргонуу эл аралык уюмунун аткаруу кеңешинин 54-сессиясында Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев аталган уюмдун аткаруу кеңешинин төрагалыгына дайындалды.
Төраганын орун басары болуп Грузиянын өзгөчө кырдаалдар кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Леван Гирсиашвили шайланды.
"Дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүнөн турган уюмга төрагалык кылуу биздин өлкө үчүн чоң сыймык, анткени дал ушул орган жарандык коргонуу, калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатында орчундуу чечимдерди кабыл алат. Уюм жарандык коргонуу жаатындагы чет мамлекеттер менен аймактык жана глобалдык деңгээлде кызматташууну андан ары өнүктүрүүгө, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү жана улуттук кызыкчылыктарды алдыга жылдыруу үчүн табигый кырсыктын тобокелдиктерин башкаруу тармагына инвестицияларды тартууга салымын кошот", - деп белгиледи Ажикеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Bishkek-Kg
2021-10-27 23:49:13
Эмне болуптур төрагалык кылса? Эмне толк?
0
Medina87
2021-10-28 00:11:35
Bishkek-Kg,
Инвесторлорду тартуу, Чонтокту Сомго толтуруу))
0
ErkinOkenovich
2021-10-28 06:22:33
Торагалык кантип кылышат, 5саат бою бир баланы куткара алышпаган дан кийин
+6
make2
2021-10-28 14:33:05
Планшет катуу иштейт экенда эми
0
Agayu
2021-10-28 20:39:23
Баарыбыз пессимист болуп кетиптирбиз. Песимисттин тубу ооруга алып барат.Кичине оптимист да болойлу туугандар .Жашоого бир келебиз итак .
0
Shekeev969798
2021-10-28 22:44:35
Agayu,Бир баланы куткара албаса колунан эч нерсе келбесе айтышат да
Акты ак караны кара дейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан