27-октябрда Бишкектин Сүйөркулов жана Байтик баатыр көчөсүндө курулушу токтоп калган көп кабаттуу үйдөн 22 жаштагы Мунарбек Ташкулов боюн таштап каза болду. Анда жеринде 5 саатка жакын ӨКМнын куткаруу кызматы, Октябрь РИИБинин ыкчам тергөө тобу, "Тез жардам" кызматы иш алып барган.
Мунарбек Ташкуловдун эжеси Кундуз Бердишова куткаруучулардын ишине нааразы.
"Мага Мунарбектин атасы, менин агам телефон чалып, "Мунарбек бир кызды алам дегенби же урушуп алганбы, айтор боюн таштайм деп жатыптыр. Ошол кызды алып кел же өзүм барайын" деди. Андай болсо алып берип койгула десем, мен анын баарын азыр уктум деп айтты. Анда мен коё туруңуз, ал жерге барайын дедим.
Оюма мындай нерсе келген эмес. Такси менен келип, ары-бери жакты карап таппайм, бир кезде эле көп кабаттуу үйдүн эң башкы кабатында инимди ар ким телефонго тартып жатышыптыр. Ошондо Мунарбекти тааныдым. Ошол жерден эле баягы үйгө жетип бардым. Ал жакка киргизбей жатып араң киргизишти. ӨКМ, ИИМдин кызматкерлери толо жүрүптүр. Мен аларга эжеси экенимди айтып, Мунарбек менен сүйлөшүүнү сунуштап, жалдырадым.
Акыры алар мени коё берди. "Мунаш, кел сүйлөшөлү. Кызды алалы, азыр жолго чыгалы" деп кайрылдым. Бирок кызматкерлер мени ары түшүрүп кетишти.
Ошондо биз 5 саат алыштык. Бирок ошол убакытта ӨКМнын куткаруу кызматынын бир дагы даярдыгы болбогонуна абдан таң калдым. 5 саатта эч нерсе кыла алган жоксуңарбы дедим, жок дегенде тосуп алган бир нерсе даярдап койдуңарбы дедим. Бирок алар эч нерсе кылышпаптыр.
Ал аңгыча Мунарбек секирди. Мен ал убакта Мунарбекти астынан куткаруучулар тосуп алды го деп ойлогом. Болбосо өзүм ошол жерге турат элем. Бирок алар даярданышпаптыр. Алар эч нерсе кылышпаптыр. Мен инимди көргөндө эле анын бозоруп турган кебетесин көрдүм. Анан ооруканага алып кетишти, орто жолдо каза болуп калганын айтышты. Мына азыр эми өлүкканага алып келишти.
Мунарбек Чаткал районунан болот. 4 бир тууган. Өзү жайдары бала эле. Ал студент болчу, өзү окуп, иштеп жанын бакчу. Кээде таксиде иштеп калчу", - деди ал.
Ал эми бул ишке Мунарбекти эмне түрткү кылды деген суроого: "Сүйлөшкөн кызы деген бир кызды бул жакка алып келишиптир. Аны менен деле сүйлөштү дейт. Ырас, ал кыз бул жакка келсе, ортосунда болгон нерсеби дейм да. Эми мен аны күнөөлүү деп айта албайм. Эмне себептен бул окуя катталганын мен дагы билбей жатам", - деп жооп берди.