Чүйдө күйүп кеткен вагондун ичинен адамдын жансыз денеси табылды

Чүй облусунун Кырман айылында курулуш вагону күйүп, белгисиз жарандын жансыз денеси табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, маркумдун жашаганга туруктуу жайы болгон эмес.
"Бүгүн, 27-октябрда курулуш вагонунан өрт чыгып, ичинен туруктуу жашаган жери жок, аты-жөнү белгисиз эркек адамдын жансыз денеси табылды.
Өрттү өчүрүүгө саат 20:03тө бир бөлүм чыгып, саат 21:56да өрт толук өчүрүлдү. Учурда өрттүн себеби такталууда", - дешти мнистрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан