Нурлан Мотуевдин тарапташтары нааразычылык митингине чыгууну пландаштырып жатышат

Бишкекте Нурлан Мотуевдин тарапташтары нааразычылык акциясын өткөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу Элдик-демократиялык кыймылынын өкүлү Ормон Мусабеков билдирди. Анын айтымында, митингдин качан өтөрү бүгүн соттун Мотуевдин ишин караган соң белгилүү болот. "Нурлан Мотуев 4-декабрда эч ким менен жолугушкан эмес. Бул провокация алдын ала даярдалган. Бийликтен биздин лидерибизге карата провокация жана куугунтук жасоону токтотууну суранмакчыбыз. Акыркы күндөрү Мотуев бийликти кескин сындап чыкты, бул кимдир биөөлөргө жакпай жатат",- деп билдирди Мусабеков. Эскерте кетсек, Нурлан Мотуев 5-декбарда милиция кызматкерлери тарабынан зордуктоо боюнча айыпталып, камакка алынган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан