Биз социалдык тармакта

"Кагаз иштерин азайтуу үчүн санариптештирүү". Юстиция министрлиги 9 айдын жыйынтыгы боюнча маалымат беришүүдө

Бүгүн, 28-октябрда Юстиция министрлиги маалымат жыйын беришүүдө. Анда министрдин орун басарлары Орозбек Сыдыков, Зарема Аскарова, Кынатбек Асаналиев жана министрдин кеңешчиси Кумарбек Байдылдаев катышууда.

Маалымат жыйында 2021-жылдын башынан бери маселелер жана ишмердүүлүктүн натыйжалары айтылууда.

"Министрликке келген 9 ай ичиндеги укуктук актылардын долбоорлорунун, каттардын жана кайрылуулардын саны 2205ти түзөт. Ошондой эле 9 ай ичинде 521 ченемдик актылардын долбоорлоруна адистештирилген экспертиза жасалды. Алардын ичинен 281и президенттин администрациясынан келсе, мамлекеттик органдардан 240 долбоор келип түшкөн", - деп билдирди Аскарова.

Мындан сырткары бүгүнкү күндө Юстиция министрлиги санариптештирүү иштерин жүргүзүп жатканын айтып өтүштү.

"Министрликте кагаз иштерин азайтуу максатында санариптештирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

30-сентябрга карата министрликке караштуу Адвокаттык мамлекеттик реестрине 4551 лицензия катталган жана берилген", - деди Сыдыков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан