Бүгүн, 28-октябрда Юстиция министрлиги маалымат жыйын беришүүдө.
Анда 9 ай ичинде министрликтин иштеринин жыйынтыктары айтылууда.
Маалымат жыйынга юстиция министринин орун басарлары жана кеңешчиси катышууда.
"14-июндан 8-октябрга чейин "Тилектештик автобусу" акциясы өттү. Анын жыйынтыгында Ош, Баткен, Чүй жана Нарын облустарында 4 миң 363 адам акысыз укуктук жардам алышты. Бул иш-чаранын алкагында 114 калктуу конуш камтылды", - деп билдирди министрдин орун басары Орозбек Сыдыков.