Биз социалдык тармакта

ЭЛДИК КАБАРга жооп: "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилчү жөлөк пул көбөйтүлгөн жок" дешти тийиштүү мекемеден

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурман кайрылды. Анда ал жөлөк пул качан көбөйөт деп суроо салган.

Бул боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдиришти.

"Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр алуучу "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулу көбөйтүлгөн жок. Ал эми социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү 1-октябрдан тарта 50 пайызга көтөрүлдү", - деп билдиришти министрликтин маалымат кызматынан.

Белгилей өтсөк, буга чейин өлкөдө ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү 1-октябрдан баштап 50 пайызга жогорулаганы кабарланган.

Жөлөк пулдун түрлөрү боюнча шилтемеге кирип окуй аласыз.

Эске салсак, "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунун өлчөмү 810 сомду түзөт.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан