Кечээ, 27-октябрда Бишкектин Сүйөркулов жана Байтик Баатыр көчөсүндөгү курулушу токтоп калган көп кабаттуу үйдөн 22 жаштагы Мунарбек Ташкулов боюн таштап каза болгон.
Интернет колдонуучулар 4 сааттан ашык сүйлөшүүдө ӨКМ кызматкерлери эч кандай даярдык көрбөгөнүн жазышууда. Ошол эле учурда блогер Ринат Усупбаев өзгөчө кырдаалдар министи Бообек Ажикеевге социалдык тармактагы баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасады.
"Төрт саат сүйлөшүү болуптур. Төрт сааттын ичинде жерге батут салынган эмес. Куткаруучу тегерекчелер жок. Эч кандай даярдык жок. Сүйлөшүүлөр өтө төмөн деңгээлде жүргүзүлгөн. Себеби бул биздин алсыздыгыбыздын белгиси. Былтыр, 2020-жылы 28-февралда ушундай эле окуя болгон. Ошол окуя сиздерге сабак болгон жокпу? Мунун баарына ким жооп берет? Өзүңүз келип, көзөмөлгө алышыңыз керек болчу. Бизге уруксат берсеңер, 4 саатта Балыкчы, Чолпон-Атадан батут алып келгенге жетишмекпиз. Секирген жагы бир эле күн батыш тарапта болгон. Үч жагынын баары курчалган. Бир жагына бир нерсе төшөп койсоңуздар, баланы сактап калмаксыздар. Ушундай кырдаалда бир жаранды сактай албасак, ӨКМнын эмне кереги бар? Буга ким жооп берет?", - деди кайрылуусунда Ринат Усупбаев.