Бγгγн Борбордук шайлоо комиссиясы 25-ноябрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоо боюнча Талас аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарып, Талас шаарындагы 7 шайлоо участкасындагы добуштарды кайра санап чыгууну туура тапты. Демек, №6099, 6074, 6084, 6090, 6098, 6095, 6076-шайлоо участкаларындагы добуштар кайрадан саналат. Ошондой эле Кара-Буурадагы №6031 жана Бакай-Атадагы №6066-шайлоо участкаларынын добуштары да кайта эсептелмекчи.