Биз социалдык тармакта

ӨКМ 8-кабаттан боюн таштап каза болгон жигит боюнча: "Батут да анын өмүрүн сактап калмак эмес"

Кечээ, 27-октябрда Бишкектин Сүйөркулов жана Байтик Баатыр көчөсүндөгү курулушу токтоп калган көп кабаттуу үйдөн 22 жаштагы Мунарбек Ташкулов боюн таштап каза болду.

Интернет колдонуучулар 4 сааттан ашык сүйлөшүүдө ӨКМ кызматкерлери эч кандай даярдык көрбөгөнүн жазышууда. Өз кезегинде ӨКМнын Жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын башчысы - подполковник Ырыспек Жолдошбаев билдирүү жасады.

“Жаран бизге куткаруу иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген жок. Жигит өз жанын кыюуга бел байлаганын чечкиндүү түрдө билдирген. Ал биздин кызматкерлерди жанына такыр жолотпой койду. Бийик кабаттан адамды куткарууга жардам берген атайын чатырлар бар, бирок нускама боюнча аларды 8 метрден ашкан учурларда колдонууга болбойт. Буга техникалык регламенттер тарабынан тыюу салынган. Биз аны альпинизм жана аркан менен жерге түшүрө алмакпыз. Бирок ал, балким, психологиялык жактан жабыркап жүргөндүктөн эч кимди жанына жолотпой койгон.

Социалдык тармактарда батуттарды орнотуп койсо болот эле дешет, бирок ал жардам бермек эмес. Бул бийиктиктен мынчалык ылдамдык менен секиргенден кийин бала тирүү калмак эмес. Мындай курулуш объектилеринде коопсуздук торлору болушу керек болчу, бирок бул жерде бекилген эмес. Мындан сырткары ар кандай нюанстар бар. Эгерде биз ага жакындап барганда, ал секирип кетсе, анын өлүмүнө куткаруучулар күнөөлүү болуп калмак. Ал жерде 6 куткаруучу, психологдор, анын жакындары болгон, ал атасы менен да телефон аркылуу сүйлөшкөн, тилекке каршы, жигитти сактап калууга мүмкүн болгон жок”, - деп жазылат Жолдошбаевдин билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Usmanbekali
2021-10-28 15:28:30
Альпинизм жана аркан менен түшүрө алмакпыз,дегидей ал аскада калды беле...Секирген күндө деле тирүү калышы калбашы бир Аллахка маалым...
+14
Timon
2021-10-28 15:49:27
Бутуна атыш керек болчу башка Айла жок болсо
+6
Kolyaa
2021-10-28 17:00:17
Эчнерсе кыла албайт экенсиңер эмне үчүн бардыңар?
Жөнөкөй адамдар болгонго бир айласын кылмак, силерге окшоп 4 саат карап турбайт болчу.Сотко бериш керек силерди.Элдин эсебинен айлык аласыңар,пайдаңар жок элге.
+3
Alixan-Nookat.2015
2021-10-28 17:03:02
Жерге түшүп дароо каза болгон жок мүмкүн батуттун пайдасы тиймек, эми күнөөнү курулуш компаниясына оодаргысы бар коопсуздук торлору болуш керек эле деп. Мен ойлойм ӨКМ куткаруучулары даяр эмес и шалаакы мамиле кылган.
+12
ErkinOkenovich
2021-10-28 22:19:43
Alixan-Nookat.2015,Ассалому аллейкум? Эн туура айттыныз, 8 кабаттан асфальтка секирип,больницага жетпей узулуп кетти деп жатышат. А эгер батутпу же башка нерсе койуп койгондо.100% бала аман калмак,албетте врачтардын жардамы менен.дагы бир ой келет, МЧС элден жардам сураса болмок экен, оздорунун акылы жетпегенден кийин.эл бир нерсе тапмак баланы аман алып калышка жана маркум азыр арабызда журмок.жанны жаннаттан болсун. Биздин колдон эми эч нерсе келбейт тура.Аллахым кылган куносуно жараша жазасын
+1
Alinur96kg
2021-10-28 17:15:25
Эми куноо кимде?Кызга таарынып олуп алган баладабы? Же МЧСтин балдарындабы?Же жакшы коргон кызындабы куноо?Чырмалышкан эле ойлор келип атат.Менин жеке ойум.
+2
Ala.too.456
2021-10-28 17:23:53
Alinur96kg, Менимче баланын озундо эле куноо. Бир кыз учун ата энесин, дос тууганын, келечегинен баш тартып жанын кыйып... Кызга баары бирда, эртен 2-3 жылдан кийин башка бироого тийип, сонун жашап журо берет.
+3
Antiradikal3
2021-10-28 17:32:19
МЧСте да бут аферисттер отурганы окунучтуу...

Батутка тушсо аман калмак, коп болсо бир эки соогу сынмак, ал да маловероятно. Батутту 100% эмес, 80% желдесе жумшак болот. Батутка тушсо аман калмак. Туштон кийин актанган аферисттер. МЧСтин бут жетекчилерин иштен айдап, жоопко тартылчууларына кылмыш иши козголуп камалышы керек...
+3
Rusi79
2021-10-28 18:00:11
Мээнер жайындабы олом деп жаткан келоосо болсо анан силер туштон кийин антсе тигинтсе болмок деп,кырсык болуп асылып туруп куткара албаса бир жон а олом деген немени батут менен тосуп калсанар оюнан кайтат беле,кайра интернетен чыгара берип намыстанып нак ошондо сууга чокмок.
-4
Adi010891
2021-10-28 18:10:20
Rusi79,ошону тушунбой атышпайбы жогорудагы ком жазган акылдуулар
0
Bishkek-Kg
2021-10-28 18:11:12
8-метрден эле сактай алат дейт, азыр 8 метрлик жерлер жок почти, андан көрө даярдангыла эми 70-80 метрден куткарып калууга, сегиз метр деп эле отура бербей.
+3
Apyn8793
2021-10-28 19:09:27
Олмоктон жерге кирбейби. Бир кыз учун жанын кыйып. Дагы ушинтип олгусу келгендерге айтайын, эгер секирип олгунор келсе ошол кызынарга смс жазып тынч эле барып секирип кеткилечи, элди дурботпой. Силерден башка да проблемалар толтура.
+6
Ansar
2021-10-28 20:05:35
Авабыздын уулу болсо по любому куткарып алышмак.
-3
aslan_akjol89
2021-10-29 18:45:29
Ansar,авандын уулу кимдин-кимдин заманы,авабыздын заманы болуп жатканда олуш эмес,кантип 1000жыл жашасам болот деп изденип журсо керек.
-1
Shbdn
2021-10-28 20:09:09
Алла бейишинен жай берген болсун эми.негизи менин ойумча ошондой коопту бийик объектилердин айланасы тосулуп адам киралгыс кылып анан охрана койуш керек башка мамлекеттерде ошондой го.дажи строительдерда пропуск менен кирип чыгышатко.айланып келип эле баардык нерсеге мамлекетибиздин шалаакы анан төмөндүгү.
0
Abdizhapar
2021-10-28 20:25:38
Кайра кайра ушуну чыгара бересинерби башка тема калбай калгансып олгон озунун шору азапка салды озуну акмак болуп жатса дагы ким кунолуу болуш керек
+1
Jaraisyn
2021-10-29 06:00:11
Ар нерсе дейбиз отуруп алып ушакчы болдук. Бул жерде ушак кууп, ар кимди шыбаганыбыз менен сөзүбүз ӨКМ не да, өлгөн жаранга да жетпейт. Аллах берген өмүрдү өзү алат. Өлүмгө кайсы бир нерсе себеп болот. Негиз жок ар кимди күнөөлөй берген болбойт. Ошолордун ордунда өзүбүз болгондо кантмекпиз?! Өлгүсү келбеген адам туугандары барып жалдырап турса бул жолдон кайтса керек эле. Эми бир гана кудай күбө
0
Taalaibek.
2021-10-29 08:07:56
Кунолу болуп калмак болчук дейт да. Силер актанбей эле койгула баары бир куноолусунор. Шалаакылык иш жазап койдунар. Силер ошол жерде катышкан шалаакылык кылган МЧС жана ИИМ адамдардын баардыгын жумуштан алыш керек. Жана Ырыспек Жолдошбаевди дагы жумуштан алыш керек. Мойнуна алышпай жатканын кара.
-1
Kuyun
2021-10-29 17:29:21
Силер кинодон көргөн батутка секиртип сактап калган ал кино эле бойдон калат туугандар. Оордук күчү менен F=m⋅g, где m — масса тела, а g — ускорение свободного падения. Салмагы канча эсе көбөйгөнүн чыгарып көрдүңөрбү. Фантастикалык элестетуулор менен бирөөнү күнөөлөй бербегиле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан