Биз социалдык тармакта

Травматолог: "Өлкөдө унаа сүзүп кеткендердин 80 пайызы жолдо телефон карап бараткандар"

Жолдо кырсыкка кабылгандардын 80 пайызы уюлдук телефон карап бараткандар. Бул тууралуу Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун "Тез жардам" кызматы бөлүмүнүн травматологу Бекназар Жунусов "Sputnik Кыргызстан" агенттигине билдирген.

"Биздин эң көйгөйлүү маселелердин бири бул уюлдук телефон, кулакчындар. Адамдардын 70-80 пайызы телефон менен кулакчынга алаксып жол кырсыгына кабылууда", - деген Жунусов.

Буга чейин акыркы 9 айда жол кырсыгынын кесепетинен 587 адам каза болгону маалымдалган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
al-abu-kinesz
2021-10-28 16:48:47
Ттез жардамды ондоп жазып кой. Ттез!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан