Саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталы Солтонбековага байланышканыбызда маалыматты өзү тастыктады.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 26-октябрь күнү кол койгон.
"Башка кызмат сунушталган жок. Шайлоого дагы барбайм", - деди Солтонбекова.
Белгилей кетсек, Ализа Солтонбекова ушул жылдын февраль айынан бери саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары болуп келген.