Кыргыз интернет колдонуучулары, анын ичинде популярдуу Инстаграм баракчасынын колдонуучулары арасында эң көп катталуучу топтогон ырчы Айгерим Расул кызы болду. Анын аталган социалдык тармактагы баракчасына жазылгандардын саны 3 миллионго жетти. Күйөрмандарынын катары көбөйүп, кубанып жаткан ырчы бул да болсо жетишкендик дейт.
"Чындыгында күтүүсүз болду. Жаш баладай эле кубанып, сүйүнүп жатам. Бул да болсо жетишкендик. Мага катталган ар бир окурманыма өзгөчө ыраазымын. Окурмандарым ар тармактан болсо да мени менен бирге болуп, колдоп келишет.
Ынтымагыбыз бекем болуп, саныбыз көбөйө берсин. А мен жалаң гана жакшы жаңылыктарым менен бөлүшүп, сырдашып жүрө берейин", - деди ал.
Белгилей кетсек, буга чейин шоу-бизнестин айрым өкүлдөрүнүн Инстаграмдагы баракчасы верификация белгисин алышкан. Алардын катарында Айгерим Расул кызынын дагы аккаунту аталган белгиге ээ болгон.