Бишкек шаарында эң бийик имарат 22 кабаттуу. Анын бийиктиги 57-60 метрди түзөт. Ал эми Ош шаарында 16 кабаттуу үй. Мунун бийиктиги 35 метр. Кудай сактасын, бирок кокустан өрт чыкса, коопсуздукту сактоо үчүн керектүү техникалар барбы деген суроо менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылдык.
Алардын айтымында, өрт коопсуздугун сактоо үчүн шатылар бар.
"Бизде өрт коопсуздугу боюнча бийик шатылар бар. Бишкек шаарында бийиктиги 50 метр болгон 2 шаты бар, ал эми Ошто 30 метрлик 2 шаты бар", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.