Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Азербайжандын президентин Кыргыз өлкөсүнө расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды

Кыргыз өлкөсүнүн Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжандын президенти Илхам Алиевге ишеним грамотасын тапшырды. Мындай маалымат президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, элчинин ишеним грамота тапшыруу аземи бүгүн, 28-октябрь күнү болуп өттү.
Элчи президент Садыр Жапаров Илхам Алиевди Кыргыз өлкөсүнө расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырып жатканын айткан.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 7-июнунда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Кыргыз өлкөсүнүн Азербайжандагы элчиси кызматына Кайрат Осмоналиевдин талапкерлиги жактырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан