Орусиялык 18 жаштагы блогердин калпакты тепкен видеосу тарады

Социалдык тармактарда орусиялык блогер жана футболчу Даниил Крапивниковдун кыргыздын улуттук баш кийими болгон калпакты тепкен видеосу тарады.

Видеодо блогер эшиктен кирип келип, манекендеги калпакты тепкен. Бул видео учурда кызуу талкууга алынып, интернет колдонуучулары Крапивниковдон калпакты колуна алып кыргыз элинен кечирим сурашын талап кылышууда.

Өз кезегинде Даниил Крапивников социалдык тармактагы баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасады. Анда ал калпак Кыргыз өлкөсүнүн улуттук баш кийими экендигин билбегендигин айтты.

"Урматтуу Кыргыз өлкөсүнүн жарандары. Жийиркеничтүү ишим үчүн чын жүрөктөн кечирим сурайм. Сиздердин улуттук баш кийимиңиз экенин билбегендиктен ушундай кылдым. Мен билем, бул мени актабайт. Бирок мен бардык кыргыз элин абдан сыйлайм. Бул эч качан кайталанбайт деп убада берем. Дагы бир жолу сиздерден чын жүрөктөн кечирим сурайм", - деп кайрылуу жасады Крапивников.

Крапивниковдун калпакты тепкен видеосу
Крапивников кечирим сурады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
abdykapar
2021-10-29 08:01:05
Качан билдиң анан?
+2
rysik79
2021-10-29 08:11:39
Өзүн тебе турган неме экен.
+3
Medina87
2021-10-29 08:27:19
Акмак!!!!!
+1
joke81kg
2021-10-29 08:32:39
Жакшы кечирим сураптыр
+3
Katrina.
2021-10-29 08:57:59
Ар кимге белеке бере бергиле.
+6
nurjasi
2021-10-29 09:15:48
Калпактын баркын кетирген озубуз, арзан калпактарды тойлордо, же башка учурларда бир бирибизге кийгизе беребиз, же алар кийилсе. Ал эми бул бала билбей тебип алыптыр,айыбы жок. Шляпа деп ойлогон болуш керек.
+3
alinsan
2021-10-29 10:02:33
кайсы элдин баш кийими болсо да теппеш керек эле, тарбиясы кандай экенин корсотуптур да
+1
Nina.alex
2021-10-29 10:06:02
Калпакты теппей эле манекен ди тээптир го
+2
basyz-kaman
2021-10-29 13:18:23
"Билбеген адам уу ичет" дейт. Кечирип сураганы жакшы болуптур.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан