Биз социалдык тармакта

Ошто көп кабаттуу үйлөрдүн айланасы мыйзамсыз курулуштардан тазаланып жатат (фото)

Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн айланасы мыйзамсыз курулуштардан тазаланып жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатына кошумча имараттарды куруп, тосмолор менен тосуп, мыйзамсыз гараж орнотуп алган жерлерди бошотуу иштери уланууда. Төлөйкөн кичи шаарчасында жүрүп жаткан иштерди вице-мэр Жасур Азимов көрүп чыккан. Жашоочулар менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

"Көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамсыз курулуштардан арылтып, айланасында көрктөндүрүү иштери менен катар, унаа кирүүчү жолдор асфальттанып, санитардык тазалоо иштери жүргүзүлөт. Бул иш-аракет Ош шаарынын мэриясынын кошумча каржылоо долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жатат", - деп жазылат билдирүүдө.

Учурда Төлөйкөн №25, 26, 27, 28, 29 көп кабаттуу үйлөр сырдалып, долбоордун алкагында иштер кызуу жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Abdizhapar
2021-10-30 10:04:47
Ушуга окшогон жан пандардан башка иштей турган Бек дегендер жокбу озубуздон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан