УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууганы, №14 Жалал-Абад округунан шайлоого аттанган Шаирбек Ташиевге мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзгөндүгү үчүн жазуу жүзүндө эскертүү берилди. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына БШКдан тастыкташты.
Эскерте кетсек, Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучуларынын бири Сузак районунун Барпы айылынын тургуну Муратовдун үй-бүлөсүнө Камчыбек Ташиев тарабынан каржыланып курулган үй берилгенин айткан. Бул туурасында БШКнын Бишкек шаарындагы ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунан 25-октябрь күнү маалымат келип түшкөн.
Өз кезегинде Жалал-Абад ОИИБи Сузактагы Муратовго берилген үйгө Камчыбек Ташиевдин жана анын үй-бүлөсүнүн тиешеси жок экендигин билдирген.