Бүгүн, 29-октябрда саат 09:00 чамасында “Манас” эл аралык аба майданында паспорттук көзөмөл системасы жарым сааттай иштебей калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Манас" аба майданынын басма сөз катчысы маалымдады.
"Электр жарыгынын чукул туташуусунан улам жарык өчүп күйгөн. Мунун натыйжасында Чек ара кызматынын паспорттук көзөмөл иштеринде мүчүлүштүктөр болду. Тактап айтканда, система 30 мүнөттөй иштебей калган. Бул учурда жүргүнчүлөр арасында нааразычылыктар жана түшүнбөстүктөр пайда болду окшойт. Электр энергиясы үзгүлтүккө учураган эмес. Азыркы тапта система иштеп жатат. "Манас" аба майданында иш өз нугунда жүрүүдө", - деп билдирди ал.