Биз социалдык тармакта

Элүү жаштан өтсө да тулкусун туура кармап, буралган бийкеч сындуу көрүнөт. Троллейбус айдаган айым менен маек

Бүгүн, 29-октябрь - автобустардын жана троллейбус айдоочуларынын күнү. Алардын катарында шаардык троллейбус башкармалыгынын жана Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Мындан улам шаардык №11 троллейбуста айдоочу болуп иштеген 52 жаштагы Бурулай Иманалиевадан айдоочулук кесипти кандайча аркалап калганын сурадык.

"Троллейбус өзгөчө унаа, анын айдоочусу болууну кичинекей кезимде эле кыялданчумун. Кийин кыялыма жетип айдоочу болуп иштеп жүрөм. Буга чейин айдоочу болуп иштеген эмесмин. Бул жакта иштеп жатканыма 7 жылдын жүзү болду", - деди Иманалиева.

Ошондой эле ал кесиби өзүнө жагарын, эмгек жамааты ынтымактуу экенин белгилеп өттү.

"Жумушум өзүмө абдан жагат. Биздин эмгек жамаат чоң жана ынтымактуу. Ар дайым бири-бирибизге жардам берип турабыз", - дейт айдоочу айым.

Мындан сырткары айдоочу айым жумушунда жол тыгыны тоскоол болорун кошумчалады.

"Жумушубузга көбүнчө шаардагы жол тыгыны тоскоол болот. Троллейбус, автобустарга гана ылайыкталган өзүбүздүн тилкебиз болсо жакшы болмок. Тилекке каршы, көчөлөрүбүз өтө эле тар.

Жүргүнчүлөрүмө ийгилик каалайм! Унаамды да, жүргүнчүлөрүмдү да жакшы көрөм. Жумуш учурунда жүргүнчүлөрүм тарабынан комплименттер көп болот, ыраазычылык жана баталарын да айтышат", - деди Иманалиева.

Маалымат үчүн: Бишкек шаарындагы троллейбус башкармалыгында 370 троллейбус айдоочусу иштейт. Алардын 30 пайызын айымдар түзөт.
Белгилей өтсөк, борбор калаада 1 миң 923 коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү тейлөөдө. Алардын ичинен:

- 1600 менчик кичи автобустар;
- 80 муниципалдык автобус;
- 130 муниципалдык троллейбус;
- 113 менчик автобус.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Jaka1978
2021-10-29 12:54:48
Соонун айым,дайыма түшөм 11ге,музыка коюп коет.Аябай боёнгон,ухоженная аял,кызыгып карап коем, ишиңе ийгилик
+10
Bishkek-Kg
2021-10-29 18:58:39
Каш менен көздү батташтырып өллө бойосо жаштай көрүнөтта. Жүзүн жуудуруп көргүлөчү биринчи).
-14
nazira...
2021-10-29 19:24:24
Чын эле көп боёнуп алыптыр.
-10
suban78
2021-10-30 04:33:00
Ооох ушу бироону сындаганды коюп озунорду эптеп алсанарчы айланайындар. Бироо менен эмне ишинер бар. Бироого жылмау да садака дегендей жакшы соз жазсанар бир адамды бир саамга болсо да конулун которосунор го. Эмне эле болуп баратасынар
+14
alimbek94
2021-10-30 10:28:57
Мыкты айым экен
+7
Sajakat14
2021-10-30 12:34:22
Арык адамдар жаш көрүнүшөт. Жакшынакай эже экен. Мен 50ге чыкканда ушундай көрүнсөм сонун болмок. Көп бойонобу же аз бойонобу силерден сурабайт! Кыргыздарга сынатып эле койсо!
+3
Antiradikal3
2021-10-30 12:42:30
Сулуубу же ону кертпи, жаш корунобу же кары корунобу, кандай болсо да арзыбаган маянага кайыл болуп эл кызматында болуп, элге пайдасы тийип келет...

Аранардан копчулугунор троллейбус айдоону билген кундо да, ал акчага тролеейбус айдап иштебеген болоор эленер, биринер айлык-маянанын аздыгын шылтоо кылып, башканар троллейбус айдоочусу деген создон корунуп, уялып...
+7
ShaKe11
2021-10-30 23:28:24
Antiradikal3,
Анан чачын жайып журот экен деп койбодунуз..)
-2
Gulina00
2021-10-30 12:48:49
Боенсо эмне экен жашынан кыйла эле жаш корунот экен
+1
ainura220888
2021-10-30 17:08:59
Просто шикарно коруннот экен. Мен максимум 23-25 жаш бермекмин. Аял киши учун 52 жашта ушундай жаш сулуу корунуш ото чон сыймык! Соз жок ишинизге ийгилик!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан