Мындан 4 жыл мурун көп аял алууну мыйзамдаштыруу керек деп сунуштап чыккан журналист Назира Бегим теле алып баруучу Назира Айтбекованын Ютуб каналына маек берип, бул сунуштан кийин көпчүлүктүн "таламында" калганын айтты.
"Мен ошондо мындай ызы-чуу болот деп ойлогон эмесмин, бирок ал сунушту жазганга чейин турмушка чыкпай жүргөн кыргыз кыздар, кыздардын сыртка чыгуусу жана башка маселелерден кабарым бар болчу. Ошондуктан жазган билдирүү эле, бирок андан кийин менин айланам тазаланды. Дос, курбу деп жүргөн адамдар менин бул пикиримди билгенден кийин жүз буруп кетишти, мени сөөмөй кезеп көрсөтүшүп, каршы пикирлерин таламай жол менен айтып жатышты. Айтор, 2 аял десе Назира Бегимди, Назира Бегим десе 2 аялды элестетип калышты", - деди Назира Бегим.
Алып баруучу Назира Айтбекова анын пикири менен анчейин макул эместигин билдирип, Назира Бегимдин жеке жашоосу кандай экендигине кызыкты.
"Бардык адамдарда кызганыч бар, бирок бүгүнкү күндө аялдарда бул нерсе аша чаап кетти. Мен дайыма аялдарга киндиктен өйдө ойлонгула деп айтып келем. Аялдык тилектештик болуш керек. Менин көп аялдуу аябай көп тааныштарым бар, мамыр-жумур жашап жатышат. Бирок мыйзамда эркек 2 же андан ашык аял алып, бир үйдө чарба жүргүзсө бул кылмыш катары саналат.
Мен өзүм 2 жолу турмуш кургам. Кызым бар. "Бул бирөөнүн 2-аялы, ошону мыйзамдаштыра албай жүрөт" деген кеп чыгарышкан. Эч кимдин 2-аялы эмесмин, башынан эле айткам, мен болсом биринчи же төртүнчү аял болом дегем. Мунун баары шарият жолунда, таза, адилеттүү болот деп айткам. Бирок мындай адилеттүүлүктү, жоопкерчиликти ала турган эркектер жок экен, ошол себептен мен турмушка чыкпай жүрөм", - деди Назира Бегим.