Эс тутумдун начарлашынын негизги себеби карылыкпы? АКШнын окумуштууларынын изилдөөсү

Эс тутумдун начарлашынын негизги себеби - карылык. Бул тууралуу АКШдагы Улуттук институттун окумуштууларынын изилдөөсүнө таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Адистердин айтымында, кандайдыр бир унутчаактык нормалдуу көрүнүш жана көйгөйлөрдүн бар экенин билдирбейт.

"Жаштын өтүшү менен дененин бардык бөлүктөрүндө, анын ичинде мээде өзгөрүүлөр болот. Натыйжада, кээ бир адамдар жаңы нерселерди үйрөнүү үчүн көбүрөөк убакыт талап кылынарын байкап калышы мүмкүн, алар маалыматты жакшы эстей албай калышат.

Начар уйку, депрессия, дарылардын терс таасири, спирт ичимдиктерин колдонуу жана башта травма болсо да эс тутумдун начарлашына алып келиши мүмкүн. Көпчүлүк учурларда бул көрүнүш B12 витаминдин жетишсиздигинен келип чыгат", - дешет америкалык дарыгерлер жана окумуштуулар.

Дарыгерлер эс тутумдун начарлашы дайыма эле акыл-эстин начарлашынын белгиси эмес экенин эскертишти. Деменция, олуттуу прогрессивдүү мээ оорусу, бир нече симптомдор менен коштолушу мүмкүн. Бул жакында алынган маалыматты же окуяларды эстеп калуудагы көйгөйлөр, баарлашууда кыйынчылыктар, мисалы, туура сөздөрдү табуудагы көйгөйлөр. Мындай адам тааныш аймакта адашып калышы мүмкүн, көп учурда рецепттерди чаташтырып, убакыттын өтүшү менен адамдарды да тааныбай калышы мүмкүн.

Адам 20 мүнѳт ичинде эстеген маалыматтардын 30 пайызын, ал эми жарым саатта 50 пайызын унутуп калат экен. Андай болсо эс тутумду кантип жакшырта алабыз? Бул көйгөйдүн алдын алуу боюнча төмөнкүдөй жолдор бар.

Адистердин кеңеши боюнча, табышмактар, логикалык суроолорду чечүү, ырларды жаттоо, чет тилдерин үйрѳнүү мээнин жумуш иштѳѳсүнѳ арналган эң жакшы ыкмалардын бири. Булар пайдалуу жана жеңил ыкмалар.

Андан сырткары физикалык активдүүлүк маанилүү. Жѳѳ жүрүү, жүгүрүү менен бийлѳѳ денени машыктыруу, эсте сактоо мүмкүнчүлүгүн жакшыртуучу ыкмалардын бири. Мындай активдүүлүк эске сактоодо жардам берчү клеткалардын пайда болушуна ѳбѳлгѳ түзѳт. Эгер биз телефон номерин, үй дарегин же болбосо бирѳѳнүн аты-жѳнүн сүйлѳп, үн чыгарып айтсак мээбиз ошону жаттап калат. Бул жазып алуу ыкмасына караганда тез жүзѳгѳ ашуучу кубулуштардын бири.

Жакшы уйку — ден соолуктун кепилдиги. Уйкусун кандырган адамдардын ѳмүрү узун болот. Уктап жаткан кезде организм бошоңдоп, эс алат. Жашартуучу гормондордун кызматы бат-бат иштелип чыгат. Уйкусу канган организм маалыматты 2 эсе жакшы эсте сактайт. Туура тамактануу да эске сактоого чоң таасир берет. Эң алгач антиоксиданттарды кабылдоо керек. Кара ѳрүк, жаңгак, кызылча, цитрус ѳсүмдүктѳрү, кара бүлдүркѳн менен мейизди кѳбүрѳѳк жеп туруу кажет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан