Бүгүн, 29-октябрда Бишкек шаарында машыктыруучулар маалымат жыйын өткөрүшүүдө. Анда күрөш боюнча калыс жана машыктыруучу Мейрамбек Ахмедов өлкөдөгү бардык спорттук мекемелерин бириктирип, департамент түзүү пландалып жатканын билдирди.
"Бул туура эмес. Тескерисинче, спортту өнүктүрүү керек. Макамын жогорулатып, атүгүл, өзүнчө министрлик же мамлекеттик комитет түзүш керек", - деди Ахмедов.
Ахмедовдун айтымында, эгерде департамент түзүлсө, аны 11 эле адам башкарып каларын айтты.
Ошондой эле жыйынга чогулган машыктыруучулар бул 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына даярдыкка терс таасирин тийгизерин айтышты. Машыктыруучулар президент Садыр Жапаровго да кайрылып, бул маселеге көңүл бурууну суранышты.