Бишкекте жүргүнчү ташыган автобустун катышуусундагы жол кырсыгы катталды. Маалыматты милициянын кайгуул кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 29-октябрь күнү саат 12:30 чамасында Чыңгыз Айтматов көчөсүндө болгон.
Анда 8-автобус Чыңгыз Айтматов көчөсү менен бара жатканда алдынан Хонда Фит унаасы чыккан, автобус андан буйтайм деп жолдун жээгиндеги даракты сүзгөн.