Ички иштер министрлигинин академиясында курсанттар ант беришти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ант берүү аземи 29-октябрда болуп өттү. Бул күнү ИИМдин академиясынын 125 курсанты өз элине, Ата Мекенине кызмат кылууга ант беришти.
Салт боюнча салтанаттуу иш-чара ИИМдин академиясынын туусун көтөрүү менен башталган.
Иш-чаранын жүрүшүндө келген ИИМдин ардагерлери сөз сүйлөп, курсанттарды куттукташты. Ардактуу коноктор курсанттарга жашоодо кайраттуу болууларын жана алдыга койгон максаттарына бекем болушун каалап, Ички иштер министрлигинин кызматкери болуу ардактуу жана жоопкерчиликтүү экенин, келечектеги милиция кызматкерлерине коом жана мамлекет чоң үмүт артарын белгилешти. Иш-чаранын аягында академиянын сап майданында курсанттар салтанаттуу марш менен өтүштү.