Ош облусунун тургуну "Сулайман-Тоодо бак-дарактар кыйылып, суу жетпей куурап жатат" деген арызын калтырган. Бул кайрылуудан кийин президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, ӨКМнын кызматкерлеринин катышуусунда рейд жүргүзүлдү.
Президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн белгилешкендей, текшерүү учурунда Сулайман-Тоодо бак-дарактар кыйылып, айрымдары сугарылбай куурап жатканы, ошондой эле Сулайман-Тоонун тазалыгына, чарбалык жумуштарына жана өрт коопсуздугун сактоодо жумуштар аткарылбай жатканы аныкталды.
"Текшерүүнүн жыйынтыгы чыккандан кийин Сулайман-Тоо археологиялык музей комплексинин жетекчилигинин ишмердүүлүгүнө баа берилет", - дешти өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан.