Садыр Жапаров Глазго шаарына учуп кетти. Делегациянын курамында Эдил Байсалов бар

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-октябрда иш сапары менен Улуу Британия Каролдугу жана Түндүк Ирландиянын Глазго шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы иш сапарынын алкагында БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясына катышып жана дүйнө лидерлеринин Саммитинде кайрылуу жасайт.

Мындан тышкары Саммиттин аянтчасында чет өлкөлүк кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрөт.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов;

Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Umarbek82
2021-11-01 00:15:02
Глазго шаары Шотландиянын борбору. Эгерде Тундук Ирландияга барса демек Бельфасть шаарына барды. Же Тундук Ирландияда да Глазго шаары барбы?
+3
Katrina.
2021-11-01 14:12:05
Umarbek82,Азыр журналист деген кесип ардактуу болбой калды,угуп туруп эле окшоштуруп жазып кое беришет.География сабагында коридордо жургон окшойт.)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан