Бүгүн, 31-октябрда Кыргыз Эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди.
Акыркы сапарга узатуу зыйнаты Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү.
Узатуу зыйнатына мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, туугандары, кеңири коомчулук катышты.
Буга чейин, тактап айтканда 29-октябрда драматург Мар Байжиев 86 жаш курагында дүйнө салганы кабарланган. Мар Байжиевдин маектеринен үзүндүлөрдү шилтеме менен кирип окуй аласыз.