Орусиянын Москва шаарында жолдошум үйдөн кууп чыкты, документсиз калдым деген кош бойлуу кыргыз келиндин видеосу социалдык тармакка тарады.
Анда ыктыярчы үй-жайы жокторго ысык тамак берип жүрүп, алардын арасынан кыргыз келинин жолуктурганын тасмадан көрсөк болот. Анда ал жолдошу үйүнөн кууп чыкканын, мекенине кайтайын десе документин жоготуп алганын айткан. Ал ошондой эле документтерин калыбына келтирүү үчүн элчиликке барганда андан 10 миң рубль талап кылганын айтып берген.
Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги бул маалымат чындыкка дал келбей турганын айтып, төмөнкүчө билдирүү таратты.
"Элчиликтин консулу юристтер менен биргеликте, 31-октябрь күнү көрсөтүлгөн жаранды издөө үчүн Ярославский темир жол станциясына барган. Саат 14:00дө графикке ылайык үй-жайы жок адамдарга тамак-аш уюштурула турган жайга да барышкан.
Видеороликти тарткан «Люди» фондунун өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, түшүнбөстүк болуп кеткен. Кыргыз жараны болуп саналган кыздын тийиштүү документтери бар болгон жана элчиликке мурда кайрылган эмес.
Кыздын кайсы жерде жүргөндүгүн байкеси аркылуу аныктоого мүмкүн болгон. Кыздын жакын тууганы анын документтери, тагыраак айтканда паспорту бар экендигин тастыктап, видео таралып баштаганда байкеси Ярославский вокзалынан аны алып кетип, Москва шаарынын Люблино районундагы батирине жайгаштырган жана жакынкы рейс менен Кыргыз өлкөсүнө кетирүүнү көздөп жатат.
Кийинчерээк агасынын жардамы менен элчиликтин консулу келин менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшкөндө ал буга чейин элчилик менен байланышпаганын айткан. Кыздын беш айлык боюнда бар. Консул кызга ден соолук каалап, мекенге ийгиликтүү, аман-эсен жетип алуусуна тилектештигин билдирген.
Күбөлөрдүн айтканына караганда, 26 жаштагы кыргыз келин туура эмес жашоо образында жашайт. Мурда Москванын социалдык кызматынын жардамынан баш тарткан.
Ошондой эле Ярославский станциясынын вокзал аянтында дагы бир туруктуу жашаган жери 30 жаштагы Кыргыз Республикасынын жараны табылган. Учурда ал элчиликке алып келинип, акысыз негизде тийиштүү документтери жасалып, жердештеринин жардамы менен билет сатып алынып, Кыргыз өлкөсүнө жакынкы рейс менен кетирүү ишке ашырылууда", - деп жазылат маалыматта.