Бүгүндөн тартып коомдук транспорттордо жол кире акысы көбөйдү

Бишкек шаарында бүгүн, 1-ноябрдан тарта коомдук транспорттордо жол кире акысы көбөйдү. Анда жүргүнчүлөр кичи автобустарга 15 сом, автобус жана троллейбустарга 11 сомдон төлөп башташты.

Мындай чечим 28-сентябрда Бишкек шаардык кеңештин жыйынында кабыл алынган.

Белгилей өтсөк, борбор калаада 1923 коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү тейлөөдө.

Алардын ичинен:

* 1600 менчик кичи автобустар;

* 80 муниципалдык автобус;

* 130 муниципалдык троллейбус;

* 113 менчик автобус.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KG-312
2021-11-01 12:48:00
Айлык акыны көтөрбөй эле баары жокту көтөрүп салыштыго.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан