Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын контролдук тизмеси бардык 2494 шайлоо участогунда анын ичинде өлкөдөгү 2435 жана чет өлкөлөрдөгү 59 шайлоо участогунда илинди. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.
Ошондой эле шайлоо мыйзамдарына ылайык шайлоочулардын “Тизме” - https://tizme.gov.kg/ мамлекеттик порталына жайгаштырылды.
Контролдук тизмедеги:
* Шайлоочулардын таанышуусу жана маалыматтарды тактоосу үчүн УШК тизмени шайлоо участогуна илет;
* Шайлоочулардын тизмесин тактоо 2021-жылдын 19-сентябрынан 12-ноябрына чейин жүргүзүлөт;
* Шайлоочулардын биротоло тизмеси түзүлүп, 2021-жылдын 18-ноябрында “Тизме” порталына жайгаштырылат.
12-ноябрга чейинки (кошуп алганда) мезгилде шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактаңыз:
"Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, 2021-жылдын 12-ноябрына чейин (кошуп алганда) сиз Кыргыз жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.
Арызды электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу тапшырса дагы болот.
Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ – ЦОН) бул жол-жободон өтүп, паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыра алышат", - деп айтылат БШКнын маалыматында.
Чет өлкөлөрдөгү мекемелерде шайлоочулардын тизмесине киргизилген, Кыргыз өлкөсүндө убактылуу жүргөн Кыргыз жарандары 2021-жылдын 12-ноябрына чейин (кошуп алганда) шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуу.
Кыргыз өлкөсүнүн аймагында туруктуу жашаган жарандар, мындан тышкары паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыруу үчүн жашаган жери боюнча Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ – ЦОН) кайрылуусу зарыл.