Биз социалдык тармакта

БШК: "Депутаттыкка талапкер Кубанычбек Мамыров карыларды тамак-аш менен сатып алган деп айыпталууда"

№31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Кубанычбек Мамыров добуш сатып алууга аракет кылган деп шектелүүдө. Бул тууралуу БШКнын сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Мамыровдун Фейсбуктагы баракчасына 1-октябрда карылар күнүндө Мамыров Кемин РИИБинин башчысынын катышуусунда «Кемин Ынтымагы» коомдук бирикмелеринин мүчөлөрү «Күн шооласы» карылар үйүнө барып, азык-түлүк баштыктарын тапшырышкан.

Мындан тышкары Гүлзада Шаршеналиева Фейсбуктагы баракчасында 44-берене боюнча (“шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу”) жана 2-пунктуна ылайык шайлоо мыйзамдары бузулгандыгы белгиленген.

Фотоматериалдарда Мамыров кары-картаңдарга азык-түлүк баштыктарын тартуулап, алар менен активдүү сүрөткө түшкөнүн көрүүгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан